Биз менен байланышыңыз

Султан Жумагулов акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар , Сүрөт | 10 Окт 2018 | 1384 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Султан Жумагуловдун атасына, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

8-октябрга караган түнү узакка созулган катуу оорудан кийин 60 жашка караган курагында жазуучу, журналист, котормочу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Султанбек Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган соң, 1981-жылдан тартып, ал республикалык «Ленинчил жаш» (кийинчерек – «Жаштык жарчысы», «Асаба») гезитинин редакциясында иштеген. 1991-жылдан тартып, башкы редактордун орун басары катары алгачкы республикалык парламенттик «Эркин Тоо» гезитинин калыптанышына чоң салым кошкон. 1993-2013-жылдары «Kyrgyzstan Chronicle», «Асаба» гезиттеринин редакцияларында, BBC радиосунун Дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясында иштеп, ошол эле учурда согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Улуу Британия институту менен кызматташкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык кызматын жана «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген. 2013-жылы – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын директорунун милдетин аткаруучу. 2014-жылы – Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору болгон. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген.

Султанбек Жумагулов 2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Кийинки айларда ал оор сыркоо менен күрөшүп келген. Ага карабастан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ал өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM