Бишкек шаардык соту калаанын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн, 10-октябрда кабыл алынды.
Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар деп айыпталган.