Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 826 | 0

Бишкекте 14-16-ноябрда «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Айыл чарбаны механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөнүн максаты Кыргызстандын агрардык потенциалын инвесторлорго таанытуу, айыл чарба техникаларынын рыногун калыптандыруу, дыйкандарды жаңы технологиялар тууралуу маалымдоо болуп эсептелет.

Көргөзмөгө дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн жаңы айыл чарба техникалары коюлуп, 3 күн ичинде 7 миңдей дыйкан катышары күтүлүүдө.

Бул иш-чара мурда өтүп келчү  «Айыл-Агро» көргөзмөсүнүн уландысы болуп саналат. Көргөзмөгө коюунун ижара акысы ачык аянтта 1 чарчы метр аянт үчүн 12 евро болот. Ал эми жабык имаратта 50 еврону түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM