Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда  бала бакчадагы 32 бала ууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 879 | 0

Өзбекстандын борбору Ташкенттеги №433 балдар бакчасынын 32 тарбиялануучусу тамак-аштан ууланды. Бул тууралуу СФ News агенттиги кабарлады.

Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы №433-балдар бакчасындагы абалды өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү министрлиги көзөмөлгө алды.

Окуя болгон жерге Башкы прокуратуранын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү барышты. Жабыркагандардан анализдер алынып, лабораторияга жиберилди.

Оор жабыр тарткандар катталган жок. Балдардын экөө ооруканадан чыгарылып, калгандарын да текшерип чыгаруу уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM