Биз менен байланышыңыз

Катар Палестинанын Газа аймагына күйүүчү май берди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 709 | 0

Палестинанын Египет менен Израилдин ортосунда калган Газа аймагына Катардан жардам катары 450 миң литр күйүүчү май жиберилди. Бул тууралуу Al Jazeera  жазды.

Күнүнө төрт гана саат электр кубатын колдоно алган Газа аймагына жиберилген жардам Израиль аркылуу өтүп, блокада аймагына жетти. ХАМАСтын спикери Хазим Кассам муну тастыктады.

Палестина автономиялык Республикасынын премьер министри Рами Хамдаллах Газаны палестиналык Батыш жээктен бөлбөөнү талап кылып, келген жардамдар Палестинанын көзөмөлүнөн өтүүсү керектигин айтты.

Кошумчалай кетсек, узак убакыттан бери Израилдин баскынчылык саясатынан жабыркап, ар кайсы айыл-шаарлардан качып келген 2 миллиондой палестиналык Израиль менен Египеттин чек арасындагы Газа тилкесинде лагерде жашашат. Бул жерде  бийлик аскердик ХАМАС тобунун колунда.

ХАМАС коңшу Египет жана башка мамлекеттер тарабынан террордук деп табылган. Ошондой эле расмий Палестина да анын өкүмүн тааныбайт.  Катар Йемендеги жарандык согушта сунниттердин таламын талашкан “арап союзунан” террористтерге колдоо көрсөтөт деген кине менен чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM