Биз менен байланышыңыз

Секимов: Улуттук макамы бар мекемелерде маяна көтөрүлдү

Күн чекит | 9 Окт 2018 | 1823 | 0

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин  айлык акысы 80 пайызга көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга байланыштуу өкмөттү 2011-жылдын 19-январындагы «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициенттин  өлчөмүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Эми кызматкерлердин маянасы кандай тартипте бериле баштайт? Бул тууралуу «Күн чекит» программасында Маданият маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов айтып берди.

-Маданият кызматкерлердин маянасы жогорулаганы айтылды. Бул бардык кызматкерлерге тийиштүү болдубу же саналуу тармак гана тандалып алындыбы?

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2011-жылдан бери көтөрүлө элек болчу. 2016-жылы гана президентибиз опера жана балет теарына барган кезде ал жактагы кызматкерлердин маянасын 1,8 эсеге көтөрүп берген. 2017-жылы  Улуттук филармония кызматкерлеринин жана эки окуу жайдын кызматкерлериники көтөрүлдү. Андан соң биз башка дагы мекемелердикин көтөрүү боюнча сунуштарыбызды бергенбиз. Анткени Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында 400гө жакын мекеме бар. Алардын маяналарын бир учурда көтөрүү үчүн 500 млн сом керек. Мындай чоң сумманы биздин бюджет көтөрө албайт. Ошондуктан бүгүнкү токтомго ылайык, 11 мекеменин айлыгы 80 пайызга көтөрүлдү.Бул мекемелерде жалпы 855 адам эмгектенет. Мындай жогорулоо бардык кызматкерге тиешелүү болду. Эми буга чейин 5 миң сом айлык алган кызматкер 1-сентябрдан тарта 9 миң сом ала баштайт.  

Ал үчүн бюджеттен канча сумма бөлүнүп берилди?

Мындай маяна 1-сентябрдан берилсин деп кол коюлду. Быйылкы жылда керектелчү акчаны биз өзүбүздүн бюджетибизден оптималдаштыруу жолу менен табабыз. 2019-жылга Каржы министрлиги 29 млн сомду келерки жылдын бюджетине киргизип бермей болду.   

Ошону менен бул 11 мекеме кандай негизде тандалып алынды?

«Улуттук” макамы бар мекемелер тандалды. Атап айтсам:

-Тарыз музейи;

-Кыргыз драма театр;

-Орус драма театр;

-Оштогу Сулайман-Тоо атындагы дарама театр;

-Кыргызфильм киностудиясы;

-Кыргыз улуттук сүрөт көргөзмө музейи;

Анан төрт окуу-жай камтылды.

Эми дагы  айлыгы көтөрүлө элек  канча мекеме калды?

Бизде маяна көтөрүлө элек бир канча мекеме бар. Алардын арасында музейдин, китепкананын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери бар. Санын эсептей келсек, биздин карамагыбызда 51 китепкана, андан башка райондук, облустук гезиттер, телеканалдар бар. Ошону менен дагы 400 мекеме калды.

Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM