Биз менен байланышыңыз

Орусиялык футболчулар Кокорин менен Мамаев соттолот

Кыска кабар , Спорт | 9 Окт 2018 | 893 | 0

Орусиянын “Зенит” футболдук клубунун чабуулчусу Александр Кокорин менен “Краснодар” клубунун жарым коргоочусу Павел Мамаевге “уруп-сабоо” беренеси боюнча соттук иш ачылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Аталган футболчулар Москвадагы кафелердин биринде тынчтыкты сактоосун өтүнгөн бир адамды сабап коюшкан. Жабыркаган адам мамлекеттик өндүрүш жана соода департаментинин жетекчиси Денис Пак болуп чыкты. Пактын жактоочусу “бейбаштык” беренесин да коштурууга аракет кылууда.

Мамаев менен Кокорин ошол эле күнү борбордогу мейманканалардын биринин унаа токтотуучу жайында дагы бир адамды сабашканы белгилүү болду. Бул боюнча дагы соттук териштирүү иштери башталды.

Эки спортчу эми кеминде чоң суммадагы айыппул менен кутулуусу мумкүн.

Бирок футболчулардын клубдары алар менен түзүлгөн келишимди бузуу ыктымалдыгы бар экенин билдиришкен. Ал эми Орусиянын Футбол Союзунун жетекчиси Александр Алаев айыпталуучулардын бул кылыгы бүтундөй орус футболунун аброюна кара так түшүрөрүн айтты. “Футболчуларды аларда алардын кесипкөйлүгү менен бирге адамгерчилиги да сөзсүз каралат. Алар деле башкалар сыяктуу эс алгысы келет, бирок коомдогу статустарын унутпай, жоопкерчиликтүү болууларын суранабыз. Анткени миллиондогон адамдардын назарында жүрүшөт жана жаштар аларга карап түздөнүшөт”,-деди Алаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM