Биз менен байланышыңыз

Таласта төө буурчакты кайра иштетүү заводу ачылды

Кыска кабар , Сүрөт | 9 Окт 2018 | 1296 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында «Азра» компаниясынын төө буурчакты кайра иштетүүчү заводун ачылышына катышты.

Анда өлкө башчы Кыргызстан жылына 90 миң тоннадай төө буурчакты экспорттоп жатканын, андан 70 млн доллар киреше түшкөнүн айтты. Бул тармакта 150 миңден ашык адам иштейт.

Бирок аны кайра иштетүү, сатуу маселеси чечиле электигин Жээнбеков кошумчалайт.

Завод 250 жергиликтүү тургунду иш менен камсыздайт. Анда кайра иштетилген төө буурчак 25 мамлекетке, анын ичинде Иран, Түркия жана Индияга экспорттолот.

«Азра» компаниясынын негизги багыты буурчак өстүрүү, экспорттоо, интенсивдүү мөмө бактарын олтургузуу, продукцияны экспорттоо. Жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчак экспорттойт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM