Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда имамдарга семинарлар өтүүдө

Кыска кабар , Сүрөт | 9 Окт 2018 | 1102 | 0

Өлкөдө “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу” долбоору улантылып, 8-13-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында облустун имамдарына кезектеги 6 күндүк семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу «Ыйман» фонду билдирди.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын имамдарына да семинар өткөрүлгөн, эми 2019-жылы окутууну Талас жана Чүй облустарынын имамдары өтүшөт. Жалпы семинарларга 1200 имам катышууда.

Окутууларда диний билимден тышкары, дин чөйрөсундөгү мамлекеттик саясат, дин кызматкерлеринин этикасы, жергиликтүү коомчулуктагы чыр-чатактардын алдын алуу жана чечүү, өзгөчө кырдаалдагы коопсуздуктун негиздери боюнча билим алышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM