Биз менен байланышыңыз

Борбордук Азиянын ИИМдери бирдиктүү иштешет

Коом | 8 Окт 2018 | 873 | 0

Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин Ички иштер министрлери биринчи жолу жыйынга чогулуп, кылмыштуулуктун санын азайтууну талкуулашты. 

Борбордук Азия мамлекеттеринин коомдук коопсуздук тартибин сактоо, максатында 4 мамлекеттин  ички иштер министрлери жолугушту. Бул кеӊешмелик жыйын алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыктан коӊшу өлкөлөр арасында 4 тараптуу маселе каралды. Анын бири чек арадагы суроо талап боюнча ишти жакшыртуу, мигранттардын пикир келишпестигин жөнгө салуу блуп саналат. Бул боюнча Тажикстан Ички иштер министри Рахимзода Рамозон Хамро, эки өлкөнүн арасында стабилдүүлүк орногонун жана мындан арыкы кадам менен кемчиликтер жоюла тургандыгын кабарлады.

Биз буга чейин деле КР ИИМи менен бирдикте иштеп келе жатканбыз. Кызматташтык аркылуу кылмыштуулукка  каршы күрөшүүдө эки тарапка теӊ өз убагында эскертүү кабарларын жеткирип, достук мамиле чыӊдалып келген. Айта кетсек, эки тарапта теӊ өзгөчө диний экстремизм, жана башка кылмыш иликтөөлөрдү жүргүзүп келдик. Андан сырткары  миграция маселеси, ич ара пикир келишпестиктерди  жоюга да жетиштик.  Эми мындай сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү андан аркы кадамдарга чоӊ таасирин тийгизип, жыйынтык болот деген ишенимдемин.

Ошондой эле кеӊешменин жүрүшүндө экинчи маселе, уюшулган кылмыштуулукту жоюу  жана алдын алуу боюнча да талкуу жүрдү. Бул боюнча Казакстандын ИИМ башчысы Калмуханбет Касымов өз пикирин билдирип, биринчи криминалдык иштер боюнча айыпталган кылмышкерлерге каршы күрөшүүдөн баштоо керектигине токтолду.

— Мындай жолугушуу коӊшу өлкөлөр арасында биринчи жолу болуп жатат. Ошондуктан Кыргызстандын демилгечилерине чоӊ ыраазычылык билдирем. Себеби мындай  кеӊешмелик жыйын эл аралык ынтымак, достукту чыӊдоого да багыт берет. Ал эми жалпы эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтсам,  биздин Казакстан мамлекети буга чейин деле оперативдүү кызматташтык боюнча  эки же андан ашык көп тараптуу иштеп келе жатат. Ошол эле учурда өлкөбүз 20дан ашык эл аралык  ведомстволорго кол коюшкан. Бирок азыркы заманда байланыш алаканы дагы кеӊейтүү зарыл. Бул боюнча эми азыркы замандын коркунучу болгон криминалдык кылмышкерге каршы күрөшүүнү улантуубуз  керек.

Ал эми 3- маселе  дүйнө жүзүндө  коркунуч алып келип жаткан диний экстремизм, терроризмди жокко чыгаруу болсо, 4- маселе баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы иш аракеттер болуп саналат.  Айрыкча маӊзатын мыйзамсыз жүгүрткөндөр башка мамлекеттер сыяктуу Ѳзбекстанда да өтө кооптуу маселе бар экендигин өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бобожонов белгиледи.

Бүгүнкү күндө өзгөчө коңшу мамлекеттер арасында  кылмышкерлер маӊзатты аткезчилик жол менен жүгүртүүсү өтө коопту маселенин бири болуп жатат. Анын арасында эмгек мигранттары маңзатын аткезчилик жол менен Орусияга алып чыгып бара жаткан фактылар да жок эмес. Мисалы өлкө ичинде  5 грамм маӊзаты 100 долларды түзсө, жашыруун түдөгү марихуана 30- 50 миӊ долларга чейинки бааны түзөт. Ошондон улам анонимдүү интернет байланыштар аркылуу акча таап жаткандар бар. Эми милиция кызматкерлери ички жана коӊшу мамлекеттер арасында  бирдиктүү иш жүргүзсө Ѳзбекстан мамлекети тажрыйба алмашууга даяр.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү арасында көтөрүлгөн 4 маселенин ишке ашуусу кылмыштуулуктун санын азайтуудан мурда ынтымактык алаканы бекемдөөгө да багыт берет. Бул тууралуу  Кыргызстандын ИИМинин орун басары Курсан Асанов билдирип, эми бир гана жыйынтык чыгаруу керек экендигин белгилейт.

-Эӊ көйгөйлүү маселелердин бири бул терроризм, диний экстремизм болуп саналат. Жыйында  төрт секция иштелип чыкты. Бул келечекте өзүнүн жемишин берет деген ишенимдебиз. Мындан ары да биздин коӊшу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин өз ара аракеттенүүсү жогорку деӊгэлде болот деген ойдобуз. 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM