Биз менен байланышыңыз

Бразилияда президенттик шайлоо экинчи турга калды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 810 | 0

Бразилияда 7-октябрда өткөн жалпы республикалык шайлоо жыйынтыкталды. Биринчи турда президент аныкталган жок. Экинчи тур 28-октябрда өтөт. Бул тууралуу Аль Жазира жазып чыкты.

Бразилиянын Борбордук шайлоо башкармачылыгы шайлоонун экинчи турун жарыялады. Биринчи турда 50 пайыздан ашык добушту 13 талапкердин эч бири топтой алган жок. Жеңип кетери күтүлүп жаткан Жаир Болсонару 47 пайыз добушту алып, чектен өтө алган жок. Ал эми экинчи турда Болсонару менен Эмгекчилер партиясынан Фернандо Хаддад ат салышат. Ага биринчи турда жалпы шайлоочулардын 28 пайызы добуш беришти.

Эскерте кетсек, Болсонару аялдарга каршы салкын мамилеси, тек жыныстуу мамилелерге каршы туруусу жана улутчулдугу менен “Тропикалык Трамп” же “Экинчи Трамп” деп аталып жүрөт. Анын президент болуп тандалышынан чочуган кээ бир коомдук активисттер шайлоо алдында ага каршы “Ал эмес!” деген чакырык менен митингдерди өткөрүшкөн болчу. Ал АКШга жакын мамилеси менен да белгилүү саясатчы.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM