Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай, «Ч.Айтматов доор чакырыктары» III Эл аралык форуму Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталды. Ал өз максатына жетип, эми 2-3 жылда бир жолу өткөрүлүп турмай болду.
Ысык-Көлдө уланган эл аралык форумдун алкагында «Кылым карытар бир күн» романынан маӊкурттун окуясы менен жазуучунун бир нече чыгармаларынан үзүндү театралдаштарылып көрсөтүлдү. Иш чаранын өзү эле бул сыяктуу ааламдашуу, адам, жаратылыш коопсуздугу боюнча ой толгоолорду ортого салынмак. Себеби азыркы тапта адамдын интеллектуалдык деӊгээли төмөндөп, дүйнө эли менен акылдашуу мезгили келгендигин философ, Жумагул Соодонбеков белгилейт.
—Эми кайрадан солкулдап атомдук ядролук согуштун учкагы пайда болуп отурат. Жаратылыш ресурстары, адамдын ресурстары кыйрап жатат. Мына ушундай шартта Чынгыз Төрөкуловичтин 1970-жылдары жазылган чыгрмалары бүгүнкү күндө курчуп турат. Мындай иштер биздер үчүн абдан керек. Анткени акыл төгүп, акыл менен алмашып, дүйнө менен мамилелешип турган элдин өсүшү чоӊ маселе. Биздин элде интеллектуалдык деӊгээл түшүп кетти.
Бул форум аркылуу Айтматов калтырган чыгармаларга дал келген, азыркы глобалдык көйгөйлөрдү дүйнө эли менен биргелешип чечүүнү көздөйт. Анын алкагында секциялык иштер уланды. Анын бир бутагы моралдык баалуулуктар жана гуманизм боюнча «Күн сайын адам болуу» деген теманын үстүндө талкуу жүрүп, чет жерден келген меймандар көз караштарын билдиришти. Алардын бири Индиядан келген өкүл Мону Митал:
-Айтматовдун чыгармалары дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү, алдын ала көрүп билүүгө багытталганы шексиз. Бугүнкү күндө күн сайын адам болууну, жаратылыш-жердин көркөмдүгүн, кооздугун коргоп, сактап калышыбыз керек. Себеби табыгый кооздукту биздин ата-бабаларыбыз да ыйык сактап, мурастарга жеткирди. Менин сунушум, бул форумду унутпай, жеке эле Кыргызстанда эмес, башка жерлерде да улантуубуз керек. Себеби Айтматовдун экинчи өмүрү бөлөк жерде дагы жашап жүрөт.
Маселен, дүйнөнүн төрт бурчунан келген инсандар дагы эки темага ортоктош болушту. Анын бири азыркы заман жана маданий өзүнчөлүк «Дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөрттүк» аталашында болсо, кийинкиси «Барыбыз бир кайыктабыз» деген аталышта экологиялык чөйрө менен коопсуздук маселеси талкууланды. Бул боюнча Германиядан келген мейман Ранжана Саксена буларга токтолду:
—Биз баарыбыз бир кайыкта жүргөн адам зат катары элестетели. Анын ичиндеги жаратылыш, адамдын тагдыры да бири-биринен ажырагыс болуп эсептелет. Ошондуктан заманбап технологиянын коркунучу да экологияга чоӊ таасир калтырат. Барыбыз теӊ илимий изилдөлөргө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек. Ошол нерсе адам баласына коркунуч жаратпашы керек. Келечекте барык ой толгоону ортого салуу үчүн бир идеям бар. Берлин шаарына «Айтматовдун клубун» түзөлү деген ойлорубуз бар. Ал адабият таануучулук мекеме болбойт. Түрдүү улуттун элчилери, саясатчылары, илимий кызматкерлер сыяктуу инсандар келип жолугушчу жер болот. Анын келечегин убакыт көргсөтөт.
Ысык-Көлдө уланган бул форумга Кыргызстандагы жазуучу, коомдук ишмерлерден тышкары, 23 мамлекеттен 100гө жакын илимий кызматкер, адабият тануучулар катышты. Глобалдык көйгөйлөр менен биргелешип күрөшүүнүн жолдорун айтуудан сырткары жаӊы сунуштар, толуктоолор кирип декларация кабыл алынды. Эӊ негизгиси бул көйгөйлөр айтылып эле тим болбостон ага чара көрүлүш керек деген пикирин профессор Осмонакун Ибраимов белгиледи.
—Жакшы идея болду. Ысык-Көл шеринесин дайыма 2 жылда же 3 жылда бир жолудан өткөрүп турууну документке киргизип жатабыз. Андан сырткары Бишкек шаарына эл аралык Айтматов институтун түзүү керектиги Төрөкуловичтин үй бүлөсү тарабынан айтылып жатат. Мындай сунуштарды форумдагы катышуучулардын көпчулүгү колдоп жатышат. Ошондой эле чет өлкөдөгү элчиликтер Ч.Айтматовдун оордун БУУ тармагында ЮНЕСКОнунун тармагына таратабыз деп жатышат. Демек бул ишке ашса, кайрылып элге жетет.
Эске сала кетсек, Чынгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү форуму алгачкы жолу 1986-жылы октябрь айында өтүп, ага дүйнөлүк интеллектуалдар чогулган эле. Анын башкы максаты 21-кылымды куралсыз, тынчтык менен тосуп алуу болгон.