Биз менен байланышыңыз

Болгариялык журналист киши колдуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 1011 | 0

Болгариялык журналист-иликтөөчү Виктория Маринова коррупциялык схемалардын бетин ачкан теле программасынан кийин паркта өлүү табылды. Бул тууралуу Би-би-си жазып чыкты.

“Детектор” телеберүүсүнүн автору Виктория Мариновага София шаарында паркта кол салып, жанындагы бардык буюмдарын алып кетишкен. Бул тууралуу кабар чыгары менен Эл аралык уюмдар болгар бийлигинен кылмышты тез арада изилдеп, тактоону талап кылышты.

ЖККУнун ЖМКнын сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир өзүнүн Твиттер баракчасына болгариялык журналисттин үрөй учурган өлүмү күтүүсүз болгонун жазды. Белгилей кетсек, бул Евробиримдиктеги кызмат учурунда кол салынган төртүнчү журналист болду.

Өлкөнүн премьер-министри Бойко Борисовдун айтуусунда иш иликтөөгө алынды. Соттук изилдөө ишине анын журналисттик иликтөө жүргүзгөн ишканалар дагы тартыларын айткан.

Кошумчалай кетсек, Маринова акыркы программасында башка дагы эки журналист менен маек куруп, Евробиримдик тарабынан каржыланган долбоорлордогу коррупциялык схемалардын бетин ачышкан болчу. Программага катышкан Атилла Биро аталган иликтөө ишине долбоор тарабынан буга чейин дагы тоскоолдуктар болгонун айткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM