Биз менен байланышыңыз

Интерполдун башчысы кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 1495 | 0

Интерполдун башчысы Мэн Хунвей отставкага кетти. Эми анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп Түштүк Кореядан Ким Чен Янг дайындалды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Интерполдун мурдагы президенти Мэн Хунвей токтоосуз кызматтан кетери тууралуу арызын Франциянын Лион шаарына уюмдун башкы комиссариатына жиберген. Комиссариат арызды канааттандырды.

Эл аралык полициянын расмий сайтына жарыялаган билдирүүдө, Башкы Ассамблея 18-21-ноябрда Дубайда өтчү 87-сессиясында Интерполдун жаңы башчысын дайындай турганы, ага чейин бул милдетти биринчи вице-президент түштук кореялык Ким Чен Янг аткарары белгиленет.

Эскерте кетсек, Интерполдун мурдагы президенти Мэн Хунвей сентябрдын аягында Кытайга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бир жумадан кийин уюмдун башкы комиссариаты анын дайынын билип берүү суранычы менен Кытайдын бийлигине кайрылганда, анын Кытайда мыйзам бузуу жана коррупция боюнча айыпталып, кармалганын айтышкан.

Мэн Хунвей Интерполдун башчысы болуу менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министринин орун басары кызматын да аткарчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM