Биз менен байланышыңыз

Ормонов: «Вега» компаниясынын тажрыйбасы чоң

Күн чекит | 5 Окт 2018 | 1618 | 0

Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия “Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” компаниясына карата даттанууну негиздүү деп тапты.

Анда “Вега” концернинин бул жаатта иш тажрыйбасы бар экендиги тууралуу документтери жок болуп чыкты.

Маалыматка караганда, “Вега” компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндөгү далил документтерин көрсөтө алган эмес.

Ал эми тендерди өткөргөн конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо чечими туура болгонун белгилеп жатат. Кененирээк дал ошол конкурстук комиссиянын мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов «Күн чекит» программасында айтып берди.

Сиз Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын уктуңуз. Бул канчалык негиздүү?

-“Вега” компаниясы биздин талаптарга жооп береби деген максатта берилген документтерди карап чыкканбыз. Жыйынтыгында комиссиянын көпчүлүк добушу менен “Вега” жеңүүчү деп табылган. Ал эми жеңүүчү деп табуу мыйзамсыз болгондугу тууралуу маалыматты азыр уктум. Эми мунун канчалык так экенин күтө турушубуз керек. Эгерде чыны менен эле ошондой мыйзам бузуу бар болсо, биз анда “Коопсуз шаар” деген долбоордун өзүн унутушубуз керек. Бирок бул компания биздин бюджетке оорчулук алып келбей турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Долбоорду компания өз каражаты менен жасамак.

Сиздердин комиссия «Вега» компаниясынын документтерин карап чыкканда күмөн жараткан жагдайларды байкады беле? Жеке өзүңүзчү?

Мен тендер өткөн күнү болгон эмесмин. Бирок кийинчерээк толук документ келгенде  таанышып туруп кол коюп бергем. Мындан күмөндү жагдайларды байкаган эмесмин. Атайын талаптар бар. Ага  компаниянын документтери дал келген. Бирок баары укмуш болчу деп айта албайм. Бирок баары эле туура болчу.

-Ошол учурда компаниянын тажрыйбасын карадыңыз беле? Анткени коомчулукта «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы жок деп айтылып жатат.

“Вега” сындуу тарыхы чоң компаниянын тажрыйбасы жок десек, башка ким тажрыйбалуу болот? Бул жерде биз долбоорду чоң ызы-чууга айлантып салдык. Компанияны тажрыйбасыз деп  айтуу туура эмес. Долбоор үч компаниянын аракети менен жүзөгө ашмак.  

Тажрыйбалуу десеңиз бул жерде башка максатты көздөгөн тараптар болушу мүмкүнбү?

-Муну күтө туралы. Ким кызыктар болду. Баары толук жакын арада билинет. Себеби бул конкурс электрондук негизде болгондуктан, биз сандарды гана көргөнбүз. Ал жеке компанияны көргөн жокпуз. Ошондуктан толук маалыматты  аркы жумада билебиз. Ушундай талаш улана берсе, эч кандай тендер конкурстун кереги жок эле мамлекеттик компанияга беришибиз керек.

Маегиңизге рахмат!  

 

 

Copyright © 2017 Maral FM