Биз менен байланышыңыз

АКШда Жогорку соттун судьялыгына Брет Каванонун талапкерлигине каршы митингдер күчөдү

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 778 | 0

Америкада Брет Каванонун Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигине каршы митингдер күчөдү. Алар талапкердин адам укутарын тебелегенин айтып, мындай сот башкалардын укугун коргобой, тескерисинче кордойт деп билдиришүүдө. Көпчүлүгү аялдар болгон акциянын катышуучуларынан 300гө чукул адамды “коомдук тартипти бузду” деген жүйө менен полиция кармап кетти.

АКШнын жогорку сотунун судьялыгына  Брет Каванонун талапкерлигин өлкө президенти Дональд Трамп көрсөтүп жатат. Анын талапкерлиги бүгүн парламентте добушка коюлаары күтүлүүдө.

Бирок анын талапкерлигин ачыктаары менен Каванонун атына зордуктоо боюнча төрт аялдан арыз келип түшуп, сот бул иштерди иликтөөгө алган. 10 күндөн бери уланып келе жаткан соттук иликтөө жана дебаттар мамлекетте Каваного каршы нааразычылык акциялары менен уланып келди.

Айыпталып жаткан Кавано өзүнө тагылган күнөөлөрдү моюнга албай, мунун барын “саясий буюртма” деп атады. Анын согорку сот тарабынан акталгандыгы айтылууда. Бүгүнкү митингдегилер бул ишке Вашингтон кийлигишкенин айтып, нааразычылык иштерин күчөтүштү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM