Биз менен байланышыңыз

Байлардын акчасын кедейлерге чегерип жүргөн банкир соттолду

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 800 | 0

 

Италиянын Форни ди Сопра шаарчасындагы Карния е-Гомонезе банкынын мүдүрү Гилберто Башиера банктагы кардарлардын эсебинен ачка алган деп айыпталып, сот жообуна тартылды. Бирок сотто анын акчаларды өз эсебине албаганы белгилүү болду. Көрсө, Башиера бай кардарларынын банктагы эсебинен жакыр кардарлардын эсебине аз-аздан акча которуп койчу экен.

Анын бул кадамына кредит алганы келген бир кедей кардардын банктык эсебинде жетиштүү тыйыны болбогон үчүн насыя ала албай кеткени түрткү болгон. Ошол күндөн тартып акчалуулардын эсебинен кедейлерге чегерип, алардын банктан насыя алууларын жеңилдетип турган.

Анын планы боюнча, аз камсыз болгондор насыя алып, ишин жолго коюп алган соң алган суммасын кайра акча ээлеринин эсебине чегерип коймок. Башиеранын 7 жылда которгон акчасынын суммасы 1 милион еврого жеткен.

Сотто анын соттук иштерге көмөк көрсөтүп, башкаларга жардам бергендиги эске алынып, эки жылдык түрмө жазасы берилип, бирок бул да жокко чыгарылды. Анткен менен, ал ишинен кол жууп, үй-мүлкүнөн айрылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM