Биз менен байланышыңыз

Ингушетияда эл массалык митингке чыгышты

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 859 | 0

Ингушетиянын борборунда миңдеген эл каршылык акциясына чыкты. Митингдин башкы себеби-ингуш бийлигинин өлкөнүн чек арасындагы жер тилкелерин коңшу Чеченстанга өткөрүп берүүсү болду. Бул тууралуу Би-Би-Си орус кызматы айтып чыкты.

Ингушетиянын президенти Юнус Бек Евкуров өткөн жумада Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен эки өлкөнүн ортосундагы чек араны тактаган документке кол коюшкан. Бирок митингчилер бийлик алардын башын айлантып, жалган маалымат берип жатканын айтышууда. Иш жүзүндө Ингушетияга таандык болгон жер тилкелери Чеченстанга өтүп кеткен.

Миңдеген митингчилердин алдына чыккан автономиялык республиканын башчысы Евкуровго бош бөтөлкөлөрдү ыргытып, нааразылыгын билдиргендер болду.

“Ата-бабаларыбыздын калтырган жерин эл менен кеңешпестен сатып жиберүү-элге жана ата-бабаларга кылган кыянатчылык! Биз алакандай жерден эч нерсе болбойбуз, бирок элди тоготуп койбостон, элдин жерин каалагандай калчашпасын”,-дейт нааразылык акциясынын катышуучулары.

Кошумчалай кетсек, Ингушетия-Россия Федерациясынын курамындагы аянты боюнча эң кичине автономиялык республика. Чыгыш тарабынан Чечен Республикасы менен чектешет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM