Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: картошканын наркы түштү, эмгек күйдү

Коом | 4 Окт 2018 | 1389 | 0

Ысык-Көл облусунда жалпы 191 миӊ гектардан ашык айдоо аянты бар. Быйылкы жылы 28  миӊ гектарга картоша айдалып, айрым райондордо түшүм жыйноо иштери уланууда.

Тоӊ районунун Тогуз Булак айылында жашаган Жамийла Жээнбаева быйыл мол түшүм алганын айтат. Бирок картошканын баасы төмөн болгону аларды ойго салууда. Себеби анын балдары быйыл 2 гектар жерге картошка айдап, шаардан үй сатып алалы деген максаты бар эле. Эми баанын ылдый болуусу эмгекти актабай калды. Бул сыяктуу райондогу башка жашоочулар да мындай пикир калтырышат:

— Быйыл түшүмдүүлүк ар кандай деп айтсам болот. Жакшысы да, жаманы да бар, көпчүлүгү жакшы. Азыркы тапта картошка казуу менен алек болуп жатабыз. Түшүм жогору, бирок баасы начар болу жатат.

-Биздин жерге оӊой менен суу жетпейт. Ошого карабай иштеткенге аракет кылып, картошканын жаӊы үрөнүн айдаган элек. Мурдагыга караганда жакшы чыкты. Эми буюрган бааны көрөбүз да.

Тагыраак айтканда, быйыл Тоӊ району боюнча 4144 гектарга картошка айдалган. Жылдагыдан түшүм мол болуп, жыйноо иштери уланууда. Азыркы күнгө карата бир килограммы 6-7 сомго айланып,  базарда отуруп саткандар болгону 2 сом пайда көрүп жатышканын соодагер Азизбек Кыдыралиев билдирди:

— Картошканын баасы арзан, элге кыйын эле болуп жатат. Эртеӊ мененки алган баабыз килосу 6 сом. Өзүбүздүн отуруп сатканыбыз 10 сом болот. Ѳткөн жери жок, бир себеби суроо талап мурдагыдай эмес. Менимче, түшүм көп болсо керек, Бишкек шаарында араӊ 7-8 сом.  Эки жакка кетпегендиктен бизди деле актабайт.

Алып сатарлардын көзүн карабай, дыйкандар жыйнап алган түшүмүн эми декабрь, январь айына чейин кармай турган болушту. Бирок жашоочулардын баарында жер төлөлөр бирдей эмес. Ошол себептен жер жемиштер үчүн сактоочу жайларды издөө зарыл. Бирок Балыкчы шаарындагы логистикалык борбор  азырынча мөмө жемиштерди гана кабыл алып жаткандарын кабарлашат. Эгер мындан ары суроо-талап күчөсө, бааларын коюп,  келерки жылы кабыл алууга аракет кылышарын мөмө жемиш сактоочу жайдын жетекчиси Мадина Кулманова маалымдады.

-Биз азырынча картошка сактабайбыз. Болгону алма алмурут сактоочу жай менен жарым фабрикаттар үчүн тоӊдургучтар иштеп жатат. Ал эми жер жемиштер үчүн башка температураны иштетиш керек. Эмки жылы температуранын режимдерин коюп салып көрөбүз. Картошка, капуста, пияздын баасы кандай болот ошого жараша килограммына акча алынат.

Мындан улам, дыйкандардын эмгегин кайтарууга район жетекчилиги колунан келген аракетин жасап жаткандыгын айтат. Картошканын баасын  көтөрүү маселеси өкмөткө жеткирилип жатат,- деди Таалайбек Ажиев:

-Дыйкандар жылдан жылга алган түшүмдөрүн көбөйтүүгө аракет кылып жатышат. Бул жагынан өкмөттө да маселе коюлган. Чындыгында, картошканын баасы төмөн болуп жатат. Айрыкча сентябрь айынын ортосунда нарк түшүп кетти. Эми бул маселени өкмөт өзү көзөмөлдөп, бааны жогорулатууга жардам берет деген оюбуз бар,-деди  ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM