Биз менен байланышыңыз

Аманат сактоодо алдангандар акыйкатчыга кайрылды

Кыска кабар , Сүрөт | 4 Окт 2018 | 1232 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов Өзгөн районунун Куршаб айылынан келген тургундарды кабыл алды. Жалпысынан 45 адам келип,  “Аман Банктын” филиалына 2011-жылдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин аманаттыкка акча салып, бирок банктан өздөрүнө алуу убактысы келгенде ала албай калышканын айтышты.

Ошондой эле Өзгөн шаарындагы “Аман Банктын” башкы кеңсеси эч кандай эсеп ачылган эместигин айтып, тургундардын акчасын банктын мурунку директору Жеңишбек Абдыкадыровдон өндүрүп алууну айтышкан.

Жашоочулардын айтуусу боюнча, Жеңишбек Абдыкадыров бул банкта 10 жыл 6 айдан бери иштеген, ал өзү  “Аман Банктын” жетекчилеринин артын жабам деп элдин банкка салган акчаларын иштетип жибергенин айткан.

Бул иш боюнча Акыйкатчы Токон Мамытов мыйзам чегинде көзөмөл болоорун билдирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM