Биз менен байланышыңыз

Ф. Гүлендин үйүнө куралчан киши кирүүгө аракет кылды

Дүйнө | 4 Окт 2018 | 1457 | 0

3-октябрда Американын Пенсильвания штатында белгилүү дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жашап, сабак берчү үйүнө белгисиз куралчан киши кирүүгө аракет кылган.  Бул тууралуу CA News  агенттиги жазып чыкты.

Шектүү ал жердин кароолчусу асманга эскертүүчү ок атканда гана качып, изин сууткан. Окуяга коңшу жашаган тургундар да күбө болуп, социалдык желелерден кабарлашкан.

Аймактын полициясы расмий сайтында окуянын чоо-жайын изилдөөнү баштаганын кабарлады.

Эскерте кетсек, диний ишмер жана агартуучу Ф.Гүлен 1999-жылдан бери Америкада жашап келет. Түркиядагы 2016-жылкы уюштурулган аскердик төңкөрүш аракетине түрк бийлиги Гүленди күнөөлөп, аны өткөрүп берүүнү АКШдан талап кылып келет. Бирок АКШ тарап буга тиешелүү жетиштүү далилдердин көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу дин аалымын экстрадациялоодон баш тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM