Биз менен байланышыңыз

Индия бийлиги 7 рохинжа мусулманды Мянмага өткөрүп берди

Дүйнө | 4 Окт 2018 | 971 | 0

Индияга паспорту жок кирген 7 рохинжа мусулманын бийлик кайра Мянмага кайтарды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

2012-жылы өлкөгө паспорту жок кирген жарандарды чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн деп камашкан. Эми аларды коңшу Мянманын чек арасына жеткирип беришти.

Бул тууралуу Индиянын премьер министри Наренда Моди пикирин билдирип, “бул адаттагыдай эле процедура. Өлкөгө кимдигин тастыктаган документи жок киргендердин баарын биз депортациялайбыз. Болбосо, мындай абал Индиянын коопсуздугуна шек келтирет”,-деп билдирди.

Бирок БУУнун адам укуктарын коргоо комитети Индия бийлигинин бул кадамын эл аралык мыйзамга каршы келет деп сындады. “Индия БУУнун эрежелерин жакшы билет. Ошого карабай өздөрүнө баш калкалаган жарандарды зордук-зомбулукка жана өмүрүнө кол салууга барган өлкөгө кайтарып берүүсү өтө одоно жаңылыштык”,-деп билдирди БУУнун өкүлү Тендаи Ашиме.

Кошумчалай кетсек, Мянмадагы этникалык азчылык болгон рохинжа мусулмандары көпчүлук бирмалыктардын кысымына жана кандуу кол салууларына дуушар болуп, коңшу өлкөлөрдөкачып өтүшкөн. Учурда Индияда 40 000 рохинжа баш калкалоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM