Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Кытайдын чалгын кемелери каршылашты

Дүйнө | 4 Окт 2018 | 1360 | 0

Түштүк Кытай деңизинде Американын чалгын кемеси кытайлык чалгынчыларга туш болуп, ортодо кооптуу абал пайда болду. Муну америкалык чалгын учагы сүрөткө тартып калган.

Кытай кемеси америкалык чалгынчыларды көрөр замат ага катуу ылдамдыкта жакындап келип, анын алдын тосуп, агрессивдүү кыймыл-аракеттерди жасаган. Кагылышуунун алдын алуу максатында америкалыктар артка кайтышкан.

30-сентябрда болгон бул окуяны АКШ тарап дароо коомчулукка жарыялап, бул аракетти Кытайдын баскынчылык саясаты экенин айтып, күнөөлөөдө. Алар Кытайдын акваториясына кирбегенин жана тарапсыз аймакта навигациялык коопсуздукту карап жүрүшкөнүн билдиришкен.

Бирок Кытай бийлиги бул окуядан кийин АКШга катуу эскертти. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунь Ин:

“Эгер ортодогу бүтүн мамилелердин бузулуусун каалабасаңар биздин деңиз аймагыбызда чалгынчылыгыңарды токтоткула. Биз мамлекетибиздин коопсуздугун жана эркиндигин коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даярбыз!”,- деп билдирди.

Мындан сырткары Хуа Чунь Ин АКШ навигациялык эркиндикти жана коопсуздукту бетине кармап алып, эл аралык нормаларды бузуп, Кытайдын акваториясында чагым уюштуруп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Түштүк Кытай деңизи Кытай, Филлипин, Вьетнам жана Япониянын ортосундагы чек арасы такталбаган талаштуу суу аймагы болуп саналат. Ошентсе дагы, Кытай деңизди жана андагы майда аралчаларды өзүнө тиешелүү билип, пайдаланып келет. Жадагалса, аталган деңиздин ортосуна жасалма арал жасап, аны аскердик база катары колдонуу алдында турат. Бул жагдай АКШны тынчсыздандырып, талаштуу маселеде калган үч мамлекетти колдоп келет.

  • A US Navy ship had an "unsafe" interaction with a Chinese warship September 30 while the US vessel was conducting a freedom of navigation operation near the disputed Spratly Islands in the South China Sea, causing the US ship to maneuver "to prevent a collision," according to US defense officials.

Жарнама
Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM