Биз менен байланышыңыз

Президенттин жана өкмөттүн аппаратында декларацияны кимдер кечиктирип тапшырды?

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1154 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалыматы боюнча, 1-октябрга карата 1 миң 754 аткаминер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында беришкен эмес. Анын ичинде президенттик аппараттын, өкмөт аппаратынын жана акыйкатчы институтунун кызматкерлери бар. Алар:

-Тилек Мамбеталиев, Президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуусу боюнча иш алып барган бөлүмүнүн эксперти;

— Нурбек Касымбеков, Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү;

— Бектурсун Кенжематов, Президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

— Нурбек Ташбеков, Президенттин аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн эксперти;

-Нурханбек Момуналиев, өкмөт аппаратынын башчысы;

— Максат Жылышбаев, өкмөт аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;

— Нурдин Довлетов өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы;

— Фарид Ниязов, Президенттин аппаратынын мурунку башчысы;

— Улан Чойбеков, Акыйткатчы институтунун аппаратынын кызматкери, жергиликтүү кеңештин депутаты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM