Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЕККУ ПАнын жыйыны башталат

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 853 | 0

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны 3-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйынга Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 мамлекетинен 300дөн ашуун парламент өкүлдөрү катышат. Жыйын мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында башталып, ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Парламенттик ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели катышат.

4-октябрда “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында парламенттик конференция өтөт. Анда “ишенимди бекемдөө жана аймактык кызматташтык аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү”, “Жер ортолук деңиз форуму: Борбор Азия жана Жер ортолук деңиздеги геосаясат, миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү” аталышындагы эки сессиялык отурум болот.

Ал эми 5-октябрда “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында конференция өтөөрү күтүлүүдө.

Анын алкагында “Коопсуздук бирикмелерин түзүүгө жарандарды тартуу ишин кеңейтүү” аталышындагы сессия уюштурулат. Андан тышкары, иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүндө катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM