Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 192 автобус колдонуудан чыгарылат

Кыска кабар | 30 Сен 2018 | 668 | 0

Бишкекте 192 автобус колдонуудан чыгарылат. Бул боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Унаалардын жарактуу мөөнөтү 4 жыл мурда аяктаган.

Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын башкы инженери Эмил Бекмуратов билдиргендей, автобустардын бир бөлүгү эсептен чыгарууга даяр.

«Эсептен чыгарууда ушул же кийинки жыл ичинде алып кетүүгө тийиш унаанын номуру каттоого алынат. Автобустар оңдоп-түзөөдөн өтөт. Айрымдарынын кыймылдаткычы бузулса, башкасынын күйүүчү май системасы иштен чыккан. Биз темирди сатып алып, кайра жасат боёп чыгабыз. Эсептен чыгарылган соң автобустар металл катары пайдаланылат», — дейт Бекмуратов.

Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын директору Бакыт Темикеев билдиргендей, аталган мекемеде 417 автобус бар. 2008-жылы сатылып алынган унаалардын жарактуу мөөнөтү 6 жыл. Калкты тейлөөгө күнүнө 115 автобус чыгат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM