Биз менен байланышыңыз

Илон Маск «Тесланын» башкаруучулар кеңешинен чыгат

Дүйнө | 30 Сен 2018 | 920 | 0

«Тесла» электромобилдик компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы болгон Илон Маск 3 жылга ээлеген кызматынан кетет. Ошону менен бирге шылуундук менен айыпталбашы үчүн АКШнын баалуу кагаздар боюнча комиссияга 20 миллион доллар айыппул төлөйт.

Америкалык миллиардер Илон Маск өткөн аптада «Тесла» компаниясынын менчик түрүн өзгөртүп, биржада соодаланууга жабык, каалаган инвестор баалуу кагазын сатып алууга болбой турган кылып өзгөртөрүн жарыялаган болчу. Ал үчүн майда акцияларды ага ээлик кылган инвесторлордон кайра сатып аларын айткан. Компаниянын кагаздарынын баасы дароо көтөрүлүп, бирок мындай кадамга башкаруучу кеңештин башка мүчөлөрү каршы болуп, Масктын идеясы ишке ашпай калары менен кагаздардын баасы мурункудан да төмөндөп кеткен. Компаниянын атынан өз эсебине пайда чегерүүгө, шылуундукка жана алдамчылыкка айыпталган Масктын иши сотко өтөрдө ал АКШнын баалуу кагаздар биржасы  боюнча комиссиясы жана башкаруучулар кеңеши менен келишип, жазаны артка кайтарууга жетишти. Ошентип, кеңештин төрагалыгынан 3 жылга четтетилип, бирок кеңеште кала бармей болду. Ал эми комссияга, биржадагы башка инвесторлорго келтирген зыянынан улам 20 млн доллар айыппул төлөйт.

Кошумчалай кетсек, Илон Маск мындан сырткары SpaceX, Solar city сыяктуу ири компанияларда да чоң үлүшү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM