Биз менен байланышыңыз

Турганбаев ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 28 Сен 2018 | 1023 | 0

28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда экс-министр Мелис Турганбаев жарым финалга чыкты. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Турганбаев «Е» категориясынын 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алгач ал орусиялык атаандашы Владислав Егоров менен кез келген. Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө Егоров 4:2 эсебинде утуп келе жаткан, бирок Тургунбаев атаандашын кийинки мүнөттөрдө таза жеңиш менен утуп алды.

Жарым финалда Турганбаев франциялык Герард Россо Санторо аттуу балбан менен беттешет.

Белгилей кетсек, ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 4 балбан катышып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM