Биз менен байланышыңыз

Акаев: Мамытовдун иштей албашына 200% ишенем

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 537 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов жакшы иштеп кетсе кечирим сурайбыз. Бирок анын иштей албашына 200% ишенем. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Мамытов эл менен иштеше албайт. Себеби ал бийлик тарапта. Акыйкатчылык кызматка укук талаасын билген, карапайым элдин көйгөйлөрүн түшүнгөн бирөө келиши зарыл болчу.

«Бир депутат «Токон Мамытовго акыйкатчылык кызмат туура келет экен. Эл аралык уюмдар чакырып турат, унаасы, айлыгы болот» дейт. Бирок акыйкатчылык кызмат тынч отурчу жер эмес. Телефону тынбай, элдин көйгөйүн ойлоосу зарыл. Адам укугу боюнча Кыргызстан артка кетчүдөй», — дейт Акаев.

Эл өкүлү белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндөгү мыйзамда акыйкатчы 65 жашка чейин шайлана алары жазылган, бирок бул иштей албайт дегенге жатпайт. Маселе жаштыкта эмес кызматкердин адилетүүлүгүндө болушу керек. Андыктан мыйзамды өзгөртүү менен маселе чечилбейт.

Эске салсак, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлаган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM