Биз менен байланышыңыз

Акаев: Элдин парламентке болгон ишеними азайды

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 721 | 0

Акыйкатчылык кызматка Токон Мамытов шайланган соң элдин парламентке болгон ишеними азайды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулук акыйкатчылык кызматка жаңы адамды күткөн. Бирок парламент «бийлик тандап бергенди колдошубуз керек» деген ой менен Мамытовду шайлап берди. Муну менен парламент Бишкек жылуулук электр борбору, «Белизгейт» боюнча маселе көтөрүп жүрүп топтогон кадыр баркын жоготту.

«Парламенттин мындай тандоосу президенттин БУУда адам укуктарын коргогон, эркин мамлекетпиз дегенине айкалышпай калды. Эң кызыгы, акыйкатчы шайланган соң депутаттардын 90 пайызы Мамытовго кыжырданып жүрдү. Мындайда кантип өнүгөбүз?» —дейт Акаев.

Эл өкүлү кошумчалагандай, парламент эл тандаган адамды акыйкатчылыкка шайлаганда коомчулуктун бийликке болгон ишеними жогоруламак.

Эске салсак, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлаган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM