Биз менен байланышыңыз

Талиева: Парламентке келгенге чейин эле коомдук иштерде активдүү элем

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 762 | 0

Саясатта толеранттуу болуп, тери калың болбошу керек. Анткени коом ичинде мамлекеттик кызматты аркалаган кишини дайыма сөз ээрчийт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Камила Талиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Талиева парламентке келгенге чейин эле жогорку окуу жайларда окутуучу, декандын биринчи орун басары болуп, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнүн айтат.

Ал эми шаар губернаторунун орун басары болуу планында жок болгонун белгиледи.

«Биз эң оор мезгилде иштедик, социалдык тармак өтө чырдуу. Губернатордун орун басары болуп 4 жылдан ашуун иштедим. Ал эми 2005-жылга чейин өзүмдүн кесиптештерим менен чогуу гендердик саясат боюнча акцияларды уюштуруп келгем. 2005-жылы март окуясы болуп кетти. Бийликтен, кызматта жүргөндөрдөн саналуу гана кишилер коомдогу акыйкатсыздык үчүн күрөшүп, активдүү чыкканбыз», — дейт Талиева.

Ал 2010-жылкы парламенттик шайлоо убагында бир канча партиялардан сунуш түшкөнүн  кошумчалады.

«Ошол кездеги “Республика” партиясы тизмеде 21-орунду беребиз деген сунушу менен кайрылган. Бирок “Ар Намысты” тандадым. Анткени ал партиянын тизмесинде алгачкы он орунга кирмекмин», — дейт Талиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM