Биз менен байланышыңыз

Үмөталиева Акыйкатчы институтун сынга алды

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 708 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Варшавада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) жыйынына катышып аткарып жаткан иштери тууралуу айтып бериши керек эле. Мындай пикирин аталган уюмдун жыйынына катышып келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал: «Бул институттун төрагасы жок болсо анын ыйгарым укугун аткарып жаткандар бар. Алар ЕККУнун жыйынына барып, башка мамекетте жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алса болмок», — деп Акыйкатчы институн сынга алды.

Үмөталиева буга кошумча, аталган институттун жетекчилигине тажрыйбасы жок адамдар келип жатканына токтолду.

«Жок дегенде адвокат болуп иштеген бирөө акыйкатчы болушу керек. Акыйкатчы интитуту мамлекет каалагандай калчаган мекеме болуп калды», — дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 10-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланган жыйынга уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM