Биз менен байланышыңыз

Үмөталиева: Токбаева ЕКУУнун жыйынында аягына чейин отурган жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 636 | 0

Кыргызстандан барган көпчүлүк делегациялар эл аралык жыйындарда аягына чейин отурбайт. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) жыйынында да Жогорку Соттун мурдагы Төрайымы Айнаш Токбаева да иш-чаранын ортосунда чыгып кеткен. Жыйынга катышкан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева буларды «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Мындай мамиле туура эмес экендигин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Төрайым келимиш болуп сүйлөдү да кетти. Доклад жасалган соң каршы пикирлер айтылат. Жыйындын соңуна чейин отурса башка өлкөлөрдүн жетишкендигин байкайт, тажрыйба алат. Жөн гана доклад окуп коюунун пайдасы жок», — дейт Үмөталиева.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Экономика министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси делген Айнура Жакыпова KOIСA агенттиги уюштурган семинарга 10 күн катышпай, бул убакытта өзүнө косметологиялык операция жасатканын айтканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM