Биз менен байланышыңыз

Сарпашев: Жаңы жылга чейин 6 кар тазалоочу унаа алынат

Кыска кабар | 28 Сен 2018 | 812 | 0

Бишкек шаарына жаңы жылга чейин 6 кар тазалоочу унаа алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рыспек Сарпашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жылуулук борборунда, жылуулук берүү, электр энергия боюнча көйгөй жаралбайт. Көмүрдүн баалары мэрия тарабынан көзөмөлгө алынат.

«Кышка даярдыктардын 90 пайызы бүтүп калды. Мектептерди көмүр менен камсыздоо боюнча көйгөй жаралбайт. Кара алтын сатуучу жайларды көзөмөлгө алабыз. Ошондой эле муздарды тазалоо үчүн 1 миң тонна туз, 7 миң тонна кум алынган. Реагенттердин баасы тузга салыштырмалуу кымбат. Аны кар жаай электе себүү зарыл. Ал үчүн өзүнчө унаа керек экен. Жолдун кыртышынын бузулушуна жааган кардын убагында тазаланбай калуусу себеп болот», — дейт Сарпашев.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында 20 кар тазалоочу унаа бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM