Биз менен байланышыңыз

Атабаев: Он айда 6 диссертацияда плагиат аныкталды

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 760 | 0

Кыргызстанда акыркы он айдын ичинде 6 диссертацияда плагиат бар экени аныкталды. Бул аралыкта 160 илимий эмгек текшерилгенин Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Нурлан Атабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык багыттагы эмгектерден плагиат көп чыгат. Плагиат чыккан диссертацияга алгач изилдөөчү андан соң анын илимий жетекчиси жооп берет. Эгер жетекчинин эки окуучусу плагият менен кулатылса ал 3 жыл илимий жетекчи болуу укугунан ажыратылат.

«Азыр макалаларга маани бере баштадык. Анткени макала жаза албаган адам диссертация жаза албайт. Докторлук даражаны коргоо үчүн илимий кызматкер кеминде 5 макаласын журналга жарыялоосу шарт. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жарандар диссертацияларды коргоонун жүрүшүн онлайн режимде көрө алат», — дейт Атабаев.

Ал кошумчалагандай, учурда PhD даражасын бир стандартта колдону пландалууда. Ал үчүн илимий кызматкердин макалаларына маани берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM