Биз менен байланышыңыз

Атабаев: Акыркы жылдары жазылган диссертацияларда плагиат аз

Коом , Кыска кабар | 20 Сен 2018 | 1072 | 0

Орусиянын «Диссернет» уюму кыргыз окумуштууларынын 600 диссертациясын текшерип, 15ке жакынында плагиат бар экенин аныктады. Алардын 90 пайыздан ашыгы 2009-10-жылдары корголгон илимий эмгектер экендигин маалым болду. Бул тууралуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Нурлан Атабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдарды жазылган илимий эмгектерде плагиат аз.

«2012-жылдан тарта плагиатка каршы программа менен иштей баштаганбыз. Диссертацияда плагиаттын пайзы жогору болсо комиссияга жиберебиз. Эксперттер эмгектин маңызына баа берет», — дейт Атабаев.

Кайсы бир окумуштуунун оюн шилтеме берип колонуу плагиат катары эсептелбейт. Ал эми плагиатка каршы программа шилтемелерди окуй албайт. Ошондуктан диссертациялар атайын коммиссиянын кароосунан дагы өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM