Биз менен байланышыңыз

Баястанова: Гуманитардык багытта илимий эмгек жазгандар көп

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 828 | 0

Коомдук жана гуманитардык багытта илимий эмгектерди жазгандар көп. Бул тууралуу Жогорку аттестациялык комиссиянын  аттестациялоо бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, илимдин кандидатын коргоо 3, ал эми докторлук диссертацияларды коргоо төрт айда каралат. Азыркы учурда илимий даражаларды коргоого кызыккандар арбын.

«Илимдин кандидаты болгон кызматкер докторлук даражаны 5 жылдан соң ала алат. Мындай чектөө 2015-жылы киргизилген. Ал эми «диссертациялык кеңештер жабык система менен иштейт» дегенге каршымын. Анткени диссертацияны жактоолор ачык өтөт»,—  дейт Баястанова.

Кошумчалай кетсек, илимий даражаны коргоодо расмий төлөмдөр бар. Докторлук даражаны коргоого 20 миң, ал эми илимдин кандидаттыгы үчүн 12 миң сом каралган. Бул каражат комиссия мүчөлөрүнө төлөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM