Биз менен байланышыңыз

Диссертацияны коргоодон мурда плагиатка каршы программага текшертсе болот

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2018 | 948 | 0

Кызматкерлер илимий диссертациясын коргоодон мурда плагиатка каршы программага текшертип алса болот. Бул тууралуу Жогорку аттестациялык комиссиянын аттестациялоо бөлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бир диссертацияны бир нече жолу текшертүүгө болот. Кызмат акысы 1000 сомду түзөт. Ал үчүн кызматкер илимий эмгеги менен кошо өтүнүч кат жибериши керек. Аны Аттестациялык комиссиянын өкүлдөрү карап чыгып, 10 күндүн ичинде жыйынтыгын чыгарышат.

«Мындан сырткары, президиумда жаштар эмес, көрүнүктүү адистер отурат. Башкача айтканда илимий даражасы жок адам президиумда отура албайт», — дейт Баястанова.

Ал кошумчалагандай, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун илимий эмгегинде плагиат бар экени анык. Бирок Жапаров илимдин доктору деген даражаны 2009-жылы алган. Жобого ылайык, берилген даража 3 жылдан соң кайра каралбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM