Биз менен байланышыңыз

Зерени коркуткандар териштирилүүдө

Кыска кабар | 19 Сен 2018 | 875 | 0

Ырчы Зере Асылбек кызына “Кыз” аттуу ырына тартылган клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылып, коркутуп жатышат. 18-сентябрда ырчы Bespredel_kg деп катталган колдонуучудан келген коркуткан билдирүүнү фейсбук баракчасына жарыялады. Мындан улам кыздын атасы укук коргоо органдарына кайрылды.

Акыркы бир аптанын ичинде Зере Асылбек кызы «Кыз» аттуу ырынын клиби менен коомчулукка тааныла чыкты. Ырчынын клиби элдин кайчы пикирлерди жаратып, сындарга кабылды. Ошол эле учурда колдогондор да четтен табылат.

Бирок ырчыны клибин интернеттен өчүрүүнү талап кылып, коркуткандар пайда болгон. Бул тууралуу Зере Аслбек кызы 18-сентябрда bespredel_kg, ddjumabaev деп катталган колдонуучулардан келген билдирүүнү «Фейсбукка» жарыялады. Анда эгер Зере клипти өчүрбөсө, «өлтүрүп кетебиз» деген коркутуу жазылган. Мындан улам коркуткандардын үстүнөн милицияга арыз жазышканын атасы Асылбек Жооданбеков билдирди.

Анын маалыматында, арыз алардын жашаган дарегине байланыштуу Чүйдүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө берилди.

-Кечээ, кечинде кызымдын инстаграм баракчасына «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жазышкан экен. Албетте, бул жөн эле калтыра турчу маселе эмес. Ал эми клипке карата айтылган келжирээк сөздөргө маани бербейбиз. Жекече кайрылып, коркутуулар болсо Зереге гана эмес Кыргызстандагы ар бир жаран үчүн маанилүү. Мындай нерселерге мыйзам иштеши керек. Ошондуктан укук коргоо органдарына кайрылдык.

Ал эми Бишкек ШИИББ ырчыны коркуткандар тууралуу социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда кабардар болушкан. Аталган мекеме арыздануучуларды күтпөстөн эле териштирүүгө алганын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү  Мира Абдылдаева кабарлады.

— Биз жалпы массалык маалымат булактарындагы жана социалдык тармактардагы маалыматтарга көзөмөл жүргүзүп жатып аталган фактыга күбө болдук. Бул боюнча иликтөө иштери башталды. Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.

Ал эми ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырчы жарыялаган билдирүү текшерилерин айтты.

-Бизге арыз келип түшө элек. Бирок министрлик териштирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мындай коркутууларга укук коргоо органдары сөзсүз реация кылып, жыйынтык чыгарып берүүсү керек дейт.

-Чыгармачыл адамга ар ким ар кандай сөз айтып сындайт. Бирок жекече коркутуп жатканы башка маселе. Буга укук коргоо көңүл бурусу керек. Ал эми ал кыздын аракеттерин мен колдоймун.

Белгилей кетсек, ырчы Зере Асылбек кызынын «Кыз» деген ырынын клибинде ачык кийинген кыздар тартылган. Аткаруучу бул чыгарма 2 ай мурун даяр болуп, интернетке эми гана жарыялаганын,  ар кандай сын-пикирлерге даяр жана өзүнүн түз жүргөн «жакшы кыз» экендигин  баса белгилеген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM