Биз менен байланышыңыз

Алматы аэропорту: Кыргыз жарандары катуу текшерилүүдө

Коом | 19 Сен 2018 | 1016 | 0

Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аэропортто кыргызстандык жарандар ашыкча текшерүүгө алынып жатканын айтып арызданышкан. Казак бийлиги бул окуяны иликтеп баштады.

Казакстандын аэропортундагы катуу текшерүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов дагы туш болгон. Эл өкүлү бул маселени парламентте көтөрүп чыгып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин көйгөйдү чечүүгө чакырган. Ал коңшу өлкөнүн аба майданында кыргызстандыктар кандай текшерилип жатканы тууралуу «Марал» радиосуна маек курган эле.

— Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто сырттан келген жүргүнчүлөрдүн паспортун текшерүү учурунда кыргызстандыктарды атайын кезекке коюп алып, жаш баласы барбы, аял кишиби текшерип жатат. Өзүнчө алып кетип өзүнчө бөлмөгө киргизип паспортун текшерип, компьютерге маалыматтарын киргизип, «кайдан келе жатасыз, эмнеге?» деп суроолорду берип жатышат.

Ормонов Жогорку Кеңеште Казакстандын атайын кызматтарынын кыргыз жарандарына болгон мамилеси боюнча казак тарапка кат даярдалып жатканын кабарлады. Ал эми Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев коңшу өлкө аэропорттогу күчөтүлгөн текшерүүнү коопсуздук чараларына байланыштуу деп жооп кайтарганын билдирген.

— Казакстан «биз террорчулукка каршы иш-чаралардын алкагында ушундай текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул бир гана кыргыз жарандарына гана эмес бардык өлкөнүн жарандарына карата жүргүзүлүп жатат» деп айтышууда. Бирок бул бир ай гана болот деп кабарлашкан.

14-сентябрда Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы аэропортто кыргыз жарандары дайыма чектен ашкан текшерүүлөргө кабылып жатканына байланыштуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевге экинчи ирет нота тапшырган. Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев казак тарап бул маселеге көңүл буруп, көйгөй дээрлик чечилгенин айтып ишендирүүдө.

— Тышкы иштер министрлиги эгер конкреттүү окуялар болуп биздин жарандарды кыйнап 3 саат кармап отурса бизге арыз жазгыла, биз ошол арыздардын негизинде укугуңарды коргойбуз. Булар туура эмес деп казак тарапка жөнөтөбүз деп айтып жатабыз. Бул боюнча Казакстандын парламентинде дагы талкуу болуп, алар ички иликтөө болуп жатканын көрсөттү. Спикер «биздин боордош кыргыздардан арыз болуп жатат. Ошону оңдобойсуңарбы» деп Казакстандын Тышкы иштер министрлигине тапшырма берди. Демек маселе чечилди.

Алматыдагы аэропортто күч кызматкерлери кыргызстандыктарга жеке маалыматтары боюнча суроолорду узатып, чөнтөк телефондорунун IMEI-коддорун жазып алып жатканы айтылган. Бул Кыргызстан менен Казакстан мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдиктин ишмердигине дагы сөз тийгизди. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев биримдиктин эрежелери иштебей жатканы тастыкталганын айтат.

— Биз ЕАЭБдин эрежелерин, эки тараптуу келишимдерди карап чыгышыбыз керек. Бул маселеде менин жеке пикирим боюнча ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы келишимдер иштебей жатат. Бул биримдиктин алсыздыгы, толук бутуна тура электигин көрсөтөт. Биримдикке киргенден кийин бардык алака-катыш адамдар аркылуу болот. Ушундай гана жөнөкөй иштерде ар кандай тоскоолдуктар болуп турса анда бул жерде маселе бар.

Аба майдандагы ыксыз текшерүүлөргө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Казакстанга ушуну менен экинчи жолу нота жиберди. Буга чейин май айында ушундай эле жүйө менен Казакстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM