Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны өстү

Коом | 18 Сен 2018 | 1454 | 0

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча Кыргызстанда өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулук 50% өстү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. маалыматка ылайык, кылмышка баргандардын көпчүлүгү 16-18 жаш арасында.

Кыргызстанда жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун саны өстү. Бул туурасында Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу билдирди. Анын айтымында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун көбөйүшүнүн себеби профилактикалык иш-чаралардын басаңдаганына байланыштуу.

-Статисткалык маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын жарым жылдыгында кылмыштуулук 50% өскөн. Анткени өткөн 2017-жылдын ушул маалында 461 кылмыш катталса, быйыл 955 кылмыш катталып жатат.

Прокуратуранын берген маалыматына ылайык, кылмыштардын көпчүлүгү түндө же кечки убакытта, эч кимдин көзөмөлү жок болгон учурда жасалган. Алардын басымдуу бөлүгү учурунда эч нерсе менен алектенген эмес, окууган эмес же окуусунан айдалгандар. Бул туурасында Башкы прокуратунанын Кылмыш жанан жарандык сот өндүрүш башкармалыгынын жетекчи орун басары Эльмира Жумашова билддриди.

Кылмыштардын көпчүлүгү кечки убакта көзөмөл жок убакта жасалган. Криминалдык активдүүлүктү 16-18 жашка чейинкилер аткарган. Кылмыш жасаган учурунда эч жерде окубаган болушкан, эч нерсе менен алектенишкен эмес. Жаш өспүрүмдөр телефон уурдоо, бирөөнүн денесине залал келтирүү, мыйзамсыз бангизатты сактоо кылмыштары  боюнча кармалышат.

8 айдын ичинде  соттолуучу жаш өспүрүмдөр болгон 263 иш каралган. Каралган 66 кылмыш иштин негизинде  89 кишиге айыбы угузулган. Бул туурасында Эльмира Жумашова билдирди.

-66 кылмыш иштин ичинен 89 кишиге айып тагылып, 188 кылмыш иш боюнча 234 кишиге карата иш токтотулган. Өспүрүмдөр соттолуучу каралган иштерде ишти токтотуп коюу 71түзөт.25% соттун өкүмү чыккан. 24 киши эркинен ажыратылып, 3 айыпка жыгылган.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жашы жете элек балдар тууралуу мыйзамдын аткарылышында 6 миңден ашуун бузуу аныкталган. Ага карата 935 прокурордук жооп кайтаруу актысы киргизилип, дисциплинардык жана административдик жоопкерчиликке 1 миң 31 адам тартылган. Ошондой эле, 12 кылмыш иши козголуп, 50 доо арыз сотко киргизилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM