Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Кылмыштуулук менен күрөшүү – ар бир жарандын милдети

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 752 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кылмыштуулук менен күрөшүү ар бир жарандын милдети экендигин айтты. Ал «Маралга» берген маегинде жарандар мыйзамсыз иштер тууралуу убагында так маалымат беришсе, ИИМ тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

«Эл аралык кылмышкерлерди издөөдө Интерпол менен чогуу иш алып барабыз. Жаштардын келечеги биздин колубузда болгондуктан, өспүрүмдөр менен иштеген кызматкерлердин санын көбөйттүк. Министр катары кызматкерлердин ишине жаңы нерсе киргизип, элге болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртө алсам, бул — чоң нерсе», — дейт министр.

Жунушалиев белгилегендей, татыксыз иштеп кызматтан алынгандар кайра жумушка алынбайт. Мыйзам чегинде баары бирдей болушу шарт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM