Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Сегизбаев Атамбаевдин убалына калды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 812 | 0

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убалына калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев акыркы жылдары Сегизбаевдин арты менен стратегиялык чоң каталарды кетирип алган.

«Жандоочу эки түрдүү болот. Сегизбаев аңга түртүп жиберген жандоочу болду. Анын «президент менен акылдаштык, кызмат сунуштаганда баш тартып койдум» деп айтканы туура эмес. Анткени өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков иш сунуш кылбайт. Балким мурун тааныган адам катары сылык мамиле кылып койгондур», — дейт Шыкмаматов.

Анын пикиринде, Сегизбаев мындай аракети менен “артымда Жээнбеков турат деп” күч органдарына белги берген.

Эске салсак, УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев ЖМКларга берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков менен өлкө келечегин талкуулап, Жээнбеков ага кызмат сунуштаганын билдирген эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM