Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Мамытов акыйкатчылык кызматка жарабайт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 810 | 0

Токон Мамытов — балким, жакшы генерал, акылдуу киши. Бирок ал акыйкатчылык кызматка жарабайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, журналисттерди кубалап, оппозиционерлерди тепкилеп жүргөн кишини акыйкатчы кылып койгон туура эмес.

«Акыйкатчы чыркыраган чындыкты айткан, күч органдары, сот, прокуратура менен күрөшкөн адам болушу керек. Эгер Мамытов акыйкатчы болуп калса «эс кайдан көрөйүн Акыйкатчы институтун» деп өкүрүк чыгарыш керек болуп калат», — дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, 14-сентябрда КСДП фракциясы акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөткөн.

Токон Мамытов мурунку премьер-министрдин кеңешчиси, Кыргызстан элдер ассамблеясынын жетекчиси болуп иштейт. Ал 2009-жылы Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеген. 2010-жылга чейин УКМКда иштеген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM