Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Сегизбаев качып кетсе күч органдары жооп берет

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 769 | 0

Эгер УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев качып кетсе күч органдары жооп берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сегизбаевди өлкөдөн чыгарбай көзөмөлдөө боюнча күч органдарына эскертүүлөр берилген.

«Сегизбаев жасалма документтердин негизинде туура эмес маалыматты таратканы үчүн жоопко тартылышы керек. «Белизгейт» саясий провакация болгонун башында эле билчүбүз. УКМК 8 кишиден турган комиссия түзүп, төрт ай иликтеп, жыйынтыгында ксерекөчүрмөдөн чыккан кагаз экенин аныкташты. Сегизбаев чоң провакация уюштуруп, парламентке келип чырылдап, баарын кекеткенине тарых кантип баасын бербесин? Бир жыйынтыкка келбесек жаман адат уланып кетиши мүмкүн», — дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, 14-сентябрда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары жыйынга чогулуп, «Белизгейт» маселеси боюнча жасалма документ менен жалган маалымат таратты деп УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM