Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги эң кымбат үйлөр Асанбайда жайгашкан. Баалары кандай?

Коом | 17 Сен 2018 | 1345 | 0

Өткөн жуманын башында доллардын баасы көтөрүлүп, сатып алуулар 69,64 сомду түзгөн. Мындай көрүнүш кыймылсыз мүлк, турак-жайлардын баасына да таасирин тийгизбейби деп чочулагандар да болду. Мындан улам биз доллардын кымбатташы үйлөрдүн наркына таасирин тийгизген жокпу, кайсы райондо үйлөр кымбат жана кайсы типтеги үйлөрдү сатып алуу сиздин капчыңызга ыңгайлуу сураштырып, билип көрдүк.

Өткөн жумада доллардын наркы 70сомду чамалап, көпчүлүктү бул көрсөткүч ойлондурбай койгон жок. Айрыкча үй алам деп камданып тургандарды ойго салды. Мындан улам биз доллардын кымбатташы кыймылсыз мүлктүн баасына канчалык таасир этерине кызыгып көрдүк. Эксперттердин айтымында үйлөргө карата баанын көтөрүлүп же төмөндөшү долларга байланыштуу эмес. Ал суроо-талапка байланыштуу дешет. Бирок, ошентсе да өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу айырма бар. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк рыногун талдоо боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаев айтып берди.

104-сериядагы 1 бөлмөлүү батирлер былтыркыга караганда 4,8 % өскөн. 105-сериядагы 1 бөлмөлүү батирлер 5,2% өссө, жеке типтеги (индивидуальный) 4,3% өскөн.

Кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктердин маалыматында Бишкек шаары боюнча түштүк аймактагы үйлөр эң кымбат жана аларга карата суроо-талап дагы жогору. “Площадь” агенттигинин адиси Зарылбек Өмүркановдун айтымында үйлөрдүн баалары жайгашкан районуна жараша болот. Эң кымбат үйлөр Асанбай районунда жайгашкан.

-Асанбайдагы 106,105-сериядагы үйлөргө азыр суроо-талап жогору. Бул эски үйлөргө кирет. Баалары 55 миңден-70 миң долларга чейин. Андан ылдый Ахунбаев көчөсү, Политех жана БГУ аймагында хрущевка жана  жеке типтеги (индивидуальный) үйлөр. АЛардын баасы 35 миңден-45 миңге чейин.  Баалар жайгашкан районго, аймакка жараша, ошондой эле айланасында мамлекеттик мекемелердин жайгашышына жараша болот. Анын ичинде мектеп, бала бакча сыяктуу өзгөчөлүктөр маанилүү. Акыркы мезгилде шаар тургундары түштүк аймактан, шаардын четинен үй издеп калышты.

Доллардын баасы көтөрүлгөндө сырттан келген курулуш каражаттарына болгон баада көтөрүлөрүн курулушчулар белгилешет. Бирок, кардарларды жоготпоо үчүн үйлөрдүн баасын сактап калууга аракет кылышарын айтышат. Экономист Искендер Шаршеев мындай көрүнүш аз убакытка сакталса, көп чыгымга учуратпай турганын белгилейт. Аны ал 2016-жылдагы учур менен мисал келтирип түшүндүрөт.

2016-жылы доллардын баасы 72 сом болуп кеткен. Ошондо да ушундай кооптонуулар болгон. Ошондо кардарлар сом менен кредит ала башташкан. Банктарда сом жетишпей  калганда, алар долларлык ставкаларды ылдыйлатышкан. Азыр дагы ушундай абал болушу мүмкүн. Ошол үчүн катуу сокку болушу мүмкүн эмес.

Ал эми курулуш компаниялар, өзгөчө жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн баасы курулуш материалдан эмес, көбүрөөк жердин баасына көз каранды болгонун айтышат. Бишкектеги курулуш компаниялардын биринин сатуу боюнча менеджери Гүзел Исмаилова доллардын кымбатташы таасирин тийгизбегенин айтат.

Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлк боюнча атаандашуу жогору. Ошондуктан, курулуш компаниялар үйлөрдү оңойчулук менен кымбаттатпайт. Доллардын курсу үйлөрдүн баасына таасирин тийгизе бербейт. Бизде үйдүн баасы көбүрөөк алынган жерге байланыштуу болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын июль айына карата маалыматы боюнча Бишкек шаарында 1721 кыймылсыз мүлк сатылган. Өткөн жылы бул көрсөткүч 1576ны түзгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM