Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Оптимизациянын арты менен 10 млн сомдон көп каражат үнөмдөлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Сен 2018 | 950 | 0

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштеген адмнистратифдик жумушчулардын саны 142ге кыскарат. Муну менен жыл соңуна чейин 10 млн сомдон ашуун каражат үнөмдөлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы оптимизациянын негизги максаты — мекемелерди кыскартуу эмес, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү.

Оптимизациянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун 4 жетекчи башкарат. Мындай аракеттер кадрлардын, лабораториялардын сапатын көтөрүү максатында жасалып жатат.

«Мурда ар бир борбор өзүнчө тендер өткөргөн. Эми аны бириктирип өткөрүү менен каражатты үнөмдөп, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багыт алдык. Эсептөө палатасынын аудити боюнча да көп катачылык кетип жатат. Буга жол бербөө максатында оптимизация жүрүп жатат. Бирок борбордо эмгектенген дарыгерлер жумушсуз калбайт. Квалификациясына жараша ишке бөлөбүз. Алсак, Бишкекке 154 дарыгер жетишпейт», — дейт Каратаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM