Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери конкурс аркылуу тандалат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Сен 2018 | 792 | 0

Оптимизациянын жүрүшүндө Бишкек шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жаңы жетекчилери конкурстун негизинде тандалып алынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оптимизациянын арты менен Бишкектеги 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун 4 жетекчи башкарат. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине баш ийишет.

«Биздин министрлик көзөмөл жана координация маселесин карайт. Азыр болборлорго   жетекчилердин убактылуу милдетин аткаруучуларды койдук. Башчыларды конкурстук негизде коомчулуктун катышуусу менен тандап алалы деп жатабыз. Төрт жетекчи 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун көзөмөлдөөгө үлгүрөт», — дейт Каратаев.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун башкаруу ирилештирилсе да эл каалаган борборго кайрыла алат. Учурда жаңы конушатарга инвесторлордун эсебинен типтүү медициналык борбор куруу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM