Биз менен байланышыңыз

АКШ Түндүк Кореяга каршы катаал санкцияларды улантат

Дүйнө | 17 Сен 2018 | 874 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяга каршы эл аралык санкцияны Орусия үзгүлтүккө учураткысы келип жатат деп билдирди. Бул тууралуу Голос Америки жазды.

Помпеонун айтымында, санкциялар Пхеньянга өзөктүк курал жана баллистикалык ракета жасаганы үчүн киргизилмек.

“Орусия БУУнун Коргоо кеңешинин резолюциясын жана БУУнун комитетинин ишине тоскоолдук аракеттерин активдүү көрүп жатат. АКШ Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук баш тармайынча Пхеньянга карата катаал санкцияларды колдоо позициясында кала берет”,— деди Помпео.

Ал санкциялар президент Трамптын Корея жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуудагы негизги куралы экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Сингапурдагы жолугушуусунан кийин Орусия менен Кытай Түндүк Кореяга карата киргизилген санкциялардан баш тартуу маселесин талкуулоону БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылган.

Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңеши 17-сентябрь күнү Корея маселесин талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM