Биз менен байланышыңыз

АКШда «Флоренс» бороонунан 11 адам каза болду

Дүйнө | 17 Сен 2018 | 832 | 0

АКШнын Түндүк Каролина штатында «Флоренс» бороону болуп, андан 11 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  13-сентябрда кыйраткыч “Флоренс” бороону АКШнын чыгыш жээгине жетип, көптөгөн адамдар жер которушту. Шамалдын ылдамдыгы саатына 275 чакырымга чейин жетти. Кыйраткыч күчү 4 баллдан 2 баллга түшкөн “Флоренс” бороону 13-сентябрда Каролина штатына чейин барган. Кыйраткыч бороон Кошмо Штаттардын борбордук бөлүгүнө жетсе, нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, 10 миллиондон ашуун адамдын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Кыйраткыч бороондон улам түндүк жаан түштүк Каролина, Виргиния жана Мэриленд штаттарында, ошондой эле өлкөнүн борбору Вашингтондо да өзгөчө кырдаал жарыяланганын РИА Новости жазды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM